AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Атуу спорту боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

18-декабрда Бишкекте атуу спорту боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу КРнын Атуу спортунун федерациясынан маалымдашты.

Мелдеш “9х19” атуу комплексинде орун алып, ага атуунун 6 түрү боюнча 50 спортчу катышты. 2 күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр менен байге ээлеринин тизмеси төмөнкүдөй сүрөттөлүшкө ээ болду:

ПТ-6 (Пневматикалык тапанча) айымдар арасында:
1-орун – Махмадова Бахтигул
2-орун – Кубанычбекова Кайыргуль
3-орун – Карабаева Джылдыз

ПТ-6 (Пневматикалык тапанча) эркектер арасында:
1-орун – Токмоков Аскат
2-орун – Эркинбаев Санжарбек
3-орун – Кошелев Александр

ПВ-6 (Пневматикалык винтовка) айымдар арасында:
1-орун – Кубанычбекова Каныкей
2-орун – Талантбекова Арруке
3-орун – Щуковская Анастасия

ПВ-6 (Пневматикалык винтовка) эркектер арасында:
1-орун – Кадырбеков Рамазан
2-орун – Куватбеков Бекназар
3-орун – Минин Александр

MIX тапанча:
1-орун – Токмоков Аскат жана Махмадова Бахтигул
2-орун – Эркинбаев Санжарбек жана Карабаева Джылдыз
3-орун – Кубанычбеков Бакберген жана Ырысалиева Забида

MIX винтовка:
1-орун – Кадырбеков Рамазан жана Талантбекова Арууке
2-орун – Куватбеков Бекназар жана Кубанычбекова Каныкей
3-орун – Абдыкаев Зарылбек жана Шаимбетова Нагима

Белгилей кетсек, атуу спорту Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген жана өзүнө бир катар дисциплиналар менен көнүгүүлөрдү камтыйт. Ал эми КРнын Атуу спортунун федерациясы 1992-жылы түптөлгөн. Бул арада атуу спорту боюнча ата мекендик спортчуларыбыз Олимпиада оюндарына туруктуу катышып, Азия оюндарынын жана башка Эл аралык ири мелдештердин байгелүү орундарын ээлеп келишет.

ABC 18 dec2

ABC 18 dec3