AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу спорттук федерацияны аял жетектейт

Бүгүн, 2-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Аткычтык спортунун федерациясынын отчеттук-тандоо конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу аталган федерациядан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, күн тартибинде төмөнкү маселелер болду:

  1. Федерациянын 2016-жылдан 2022-жылга чейинки ишмердүүлүгү боюнча отчету;
  2. Федерациянын президентин шайлоо;
  3. Федерациянын биринчи вице-президентин шайлоо;
  4. Федерациянын вице-президенттерин шайлоо;
  5. Федерациянын Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо;

Эске салсак, президенттик кызматка 2 талапкер ат салышты:

  1. Мадалиев Төрөкул Мамажакыпович (“Динамо” коомунун төрагасынын биринчи орун басары, милициянын отставкадагы полковниги)
  2. Молдоева Жибек Эдилбековна (Кыргыз Республикасынын Аткычтык спортунун федерациясынын башкы катчысы, спорт менеджменти боюнча жогорку билимдүү адис).

Добуш берүүнүн алдында ар бир талапкер өлкөдө аткычтык спортун өнүктүрүү боюнча өз программалары менен тааныштырды. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгында, Төрөкул Мадалиев 19 добушка ээ болсо, Жибек Молдоевага 39 добуш берүүчү ишеним көргөзгөн.

Ошондой эле добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Аткычтык спортунун федерациясынын жаңы курамы бекитилди. Ал төмөнкүчө сүрөттөлүшкө ээ болду:

Президент: Молдоева Ж. Э.

Биринчи вице-президент: Абдыкеримова А. Б.

Мылтыктан ок атуу боюнча вице-президент: Исмаилов Т. Ш.

Практикалык ок атуу боюнча вице-президент: Тарасов А. В.

Стенддик ок атуу боюнча вице-президент: Абдыкаев З. Ж.

Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенишүү боюнча вице-президент:  Каунаш Т. К.

Ошентип, Жибек Молдоева Кыргызстандын тарыхында спорттук федерацияны жетектеген алгачкы аял болуп калды. 

ABC Стрелковый 3