AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Бишкекте Олимпиадалык бал болуп өттү

Кечээ 23-декабрь күнү PREMIER ресторанында Олимпиадалык бал болуп өттү. Олимпиадалык балдын максаты жыл жыйынтыгын чыгаруу үчүн спорт меценаттарын жана спортчуларды чакыруу болгон. Иш-чаранын уюштуруучулары дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана жеке ишкер Төлөгөнова Бермет болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, өлкөнүн алдыңкы спортчулары, паралимпиадачылар, меценаттар, спорт ишмерлери, журналисттер жана башка коноктор катышты.

Олимпиадалык бал фуршет столу жана маданий иш-чаралар түрүндө өтүп, белгилүү эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулады.

 

Ошондой эле, кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошкон демөөрчүлөр менен меценаттарга ыраазычылыктар айтылды. Бардык негизги меценаттар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды. Өз кезегинде искусствонун демөөрчүлөрү Олимпиада оюндарынын жана спорт боюнча дүйнөлүк чемпионаттардын улуттук чемпиондору менен байге ээлерин эстелик белектер жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйлады.