AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Абдурахман Муртазалиев АКШда өтүүчү Дүйнөлүк оюндарга жолдомо алды

Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев АКШда өтүүчү дүйнөлүк оюндарга жолдомого ээ болду.

Кийинки Дүйнөлүк оюндар 2022-жылдын 10-15-июль күндөрү Бирмингемде (Алабама, АКШ) өтөт.

Муртазалиев үчүн бул оюндар анын карьерасындагы экинчиси болот. Ал буга чейин 2017-жылы Дүйнөлүк оюндарга да катышкан.

Буга чейин кикбоксчу Икбол Фозилжанов Италияда өткөн WAKO дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп, оюндарга жолдомо алган эле.