AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Олимпиада оюндарына катыша турган спортчуларга 1500 доллар стипендия төлөнөт

Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулар  үчүн ай сайын 1500 доллар өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Бул тууралуу 10-декабрда Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы ассамблеясынын жыйынында айтылды. Белгиленй кетсек, стипендия лицензия алган учурдан тартып Олимпиада оюндары башталганга чейин төлөнөт.

bc86fffe-8ece-43c1-b3aa-769ba4394506.jpg

 
 Юстиция министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө өмүр бою стипендия төлөнөт. Ал 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин жетет. Ошондой эле Олимпиада, Паралимпиадалык оюндардагы байгелер үчүн спортчулар бир жылга 10 миң сомдон 75 миң сомго чейин стипендия ала алат. 2020-жылкы жайкы Олимпиада оюндарында 5 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин болгон. Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы Пекинде өтөт.