AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Дзюдочу Юрий Краковецкий спорттук карьерасын жыйынтыктады

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкий спорттук карьерасын жыйынтыктады.

Краковецкий Кыргызстандагы эң ийгиликтүү дзюдочулардын бири. Анын эсебинде Азия чемпионаттарында 5 медаль бар – 2 күмүш жана 3 коло. Ошондой эле эки Олимпиада оюндарына – Лондон-2012 жана Рио-2016 оюндарына катышкан.

2021-жылдын күзүндө спортчу карьерасын бүтүрүүнү чечип, БАЭге кетип, ал жакта Olymp X Matrial Arts клубунун машыктыруучусу болуп иштейт.