AUCA the best 2

2024-04-25

Кыргыз жигиттери эр жүрөк жана намыскөй келишет

Спорт тармагында өз орду бар инсан, коомдук ишмер Руслан Кыдырмышев учурунда Кыргыз республикасынын президентинин кеңешчиси болуп эмгектенип келет. Бир эле учурда өлкө аймагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп мыкты мушкерлердин тапталып чыгышына себепкер болгон инсан менен баарлашдык. Кыдырмышев федерациянын алдыдагы пландары менен бөлүштү.
- Саламатсызбы Руслан мырза, спорт тармагында өз орду бар инсан катары билебиз. Айта кетсеңиз, спорттун башка тамактардан айрымалсы эмнеде?
- Саламатсызбы, бул спорттун бул түрү эң жаш спорттун катарын толуктайт. Учурда эң көп фанаттарды чогулткан спорттун бирине айланды десем жаңылбайм. Анткени баарына белгилүү болгон Конор Магрегор жана Хабиб Нурмагомедов сыяктуу мушкерлер дүйнөнүн кайсыл бурчуна барбасын кучак жайып тосуп алганы да  аталган спортко кызыгууну талап кылганы айгинелеп турат. Мисалы: Олимпиада чемпиону деп айтылып келсе, ал эми бизде жеңиштин туу чокусу UFC болуп жатат. Ал эми жеңиштин туу чокусуна жетүү үчүн сөзсүз түрдө маңдай тери куюлуп, көп баскычкатарды басып өтүүсү керек. 
- «Кулатуу эр таймаш» федерациясынын түптөлгөн тарыхы боюнча кыскача айта кетсеңиз?
- Кулатуу эр таймашы 1980-жылдары пайда болуп, ал учурда мамлекет тарабынан чектөөлөр киргизилген эле. Акырындык менен жер төлөөлөрдө жашыруун машыгууларды өткөрүп келгенбиз. Мындан сырткары тарыхы өттү бар бул спорттун түрү. Ал эми эмне үчүн түртүшүү, эр таймаш десеңиз биз дүйнөлүк тенденцияга, учурда жаштар кайсыл спорттун түрүнө кызыгып жатат, ата-бабалардын тарыхына кайрыла турган болсок кыргыздарга эң жакын спорттун түрү катары эсептелинет экен. Ошондой эле 2014-жылы бүткүл дүйнөлүк «Кулатуу эр таймаш» федерациясы мүчө болгондон тартып кыргыз мушкерлерди дүйнөнүн булуң бурчунда, ар кайсы уюмдар менен кызматташып, ийгиликтерди багындырып келе жатат. Бул да болсо Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө бирден бир себеби боло алды.
-Аталган Федерациясынын 30 жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетишти?
- Тилекке каршы 1991-жылдан 2014-жылга чейин «Кулатуу эр таймаш» федерациясы көп ийгиликтерге жетише алган жок. Ал эми Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында атайын кулатуу спорту боюнча кафедралар бар эле. Тилек каршы бул аракет да өз жыйынтыгын бере алган жок. 2014-жылы мен ойлойм WEF федерациясы жанданып баштагандан тартып бир топ өзгөрүүлөр болду.  Анкени кыргыз мушкерлери дүйнөлүк деңгээлге чыгып, ийгиликтерге жетишип баштады. Ал эми дүйнө жүзүндө ушундай беш миңден ашуун уюмдар болсо, жыйырманчы орунда келе жатканыбыз жалпы кыргыз элин кубандырбай койбосо керек. Мындан сырткары кыргыз мушкерлери дүйнөлүк уюмдар менен келишим түзүп, чемпиондук курларды багындырышы чоң жетишкендик. Ал эми биз башка уюмдар менен бирдикте бир катар мамлекеттерде чемпионаттарды уюштуруп келдик. Алардын катарында Иран, Казакстан, Өзбекстан, ж.б мамлекеттер бар. Ушул саамалыктардын арты менен кулатуу спортун дүйнө жүзүнө таанытып келдик.
- Кулатуу спортунун кандай эрежелер камтылган жана канча салмак категориясында мушкерлер күч сынашат? Мындан сырткары Кыргызстандын атынан канча спортчу дүйнөлүк деңгээлге чыкканга жетишти?
- WEF спорттунун сегиз бурчтуу дүйнөлүк стандартка туура келет. Эрежесиз эр уруш спорттунда. Негизи бул аталыш 90-жылдары калып калган. Ал эми салмак категориясында жети салмак каралган. 57кг салмактан 93 кг салмактан өйдө каралат. Дүйнөлүк деңгээлге чыккан мыкты мушкерлерди тарбиялап чыга алдык. Алардыкы катарын Карман Абасов жана Бусурманкул уулу баш болгон бир топ мушкерлер дүйнөлүк уюмдар менен келишим түзгөнгө жетишти. Учурда Япония, Корея жана Кытайда өткөн мелдештерде чемпионатдук курга ээ болгон. Кулатуу федерациясынын акыркы алты жылда кылган эмгеги акталды десем жаңылышпайм.
- WEF федерациясы канча дүйнөлүк уюмдар менен кызматташат?
- Алгач WEF уюму алгач үч жыл мурун,  Рамзан Кадыровдун WS «Грозный битва» аталышындагы турнир Бишкек шаарында болуп өткөн. Андан кийин  Япониянын «Арзалит» уюму менен биргеликте уюштурулган. Мындан сырткары эки жыл мурун Бахрейндин «Брейф» аталышындагы уюм менен Бишкек шаарында чемпионат өткөн. Бул акыркы бир жарым жылда мыкты делген 10 уюм менен биргеликте уюштурулган спорттук иш-чаралар болду. Пандемияга байланыштуу Кытайдын эң чоң уюму менен Кыргызстанда жана Кытайда уюштурулмак. Буйруса алдыда мындан чоң уюмдар менен кызматташабыз деген ой тилектер бар. Мындан сырткары кыргыз мушкерлери деп укканда эле башка спортчулары сестенип турат. Анткени кыргыз жигиттери өтө күчтүү жана намыскөй келишет.
- Учурда аталган федерациясы Олимпиадалык эмес спорттун катарын толуктап келет. Олимпиадалык спорттун катарына кошуу пландары барбы?
- Албетте жогоруда айткандай, эң кызыктуу оюндардын бири. Мындан карасак бамбинтон да Олимпиада оюндарына кирип жатат. Бирок UFC де болгон, ММА дин олимпиадага оюндарынын катарына киришинин кажети жок. Анткени бир беттеш өткөрүп миллион, миллион таап капчыкты толтуруп алат. Ал эми бизге окшогон федерацияларда мындай акчалар  мындай мүмкүнчүлүктөр келбейт. Себеби биздин өлкөдө эле акча төлөнүүчү берүүлөр жок. Биздин эле тааныш аркылуу же бир тешиктен кирүүнү каалагандар. Биз короткон каражаттарын жыйырма пайызын актаса актайт, болбосо жок. Чындыгында биз Олимпиадалык спорттун катарына кирсек бул маселе чечилмек. Мындан сырткары кулатуу спорту өтө копту деп табылып, ошого да кириши кыйын болуп жатат. Бирок башка бокс, кикбоксинг, тайбокс спортуна караганда жарактан аз болот. 
- Мындан сырткары жакында эле Баткен шаарында мелдеш болуп өттү. Кененирээк маалымат бере кетсеңиз?
- Биз буга чейин бир жүз он эл аралык турнир өттү. Дегеле биздин план боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, андан кийин Кара-Суу районунда, Кемин районунда, 20-июнда Москвада  өткөрүп, андан кийин дароо эле Баткенде өттү. Бул саамалык өзгөчө болду. Анткени президент Садыр Нургожаевичтин Өзбекстанга болгон иш сапарында атайын спорттук иш чараларды уюштуруу боюнча келишимге кол коюлган. Ага карата атайын бул саамалыкты тездетип, жалпы Баткен элинде согуш болбой тынчтык орносун деген максатта уюштурулду. 
- Бул саамалык канча убакыттан бери уланып келе жатат. Башка аймактарда да өткөрүү боюнча пландар барбы?
- Албетте бул иш чара ушуну токтоп калбайт. Жер-жерлерде спорттун WEF түрүн жайылтуу максатында уюштурулат. Кайсыл аймакта болсо ошол аймактан мыктыларды аныктап дүйнөлүк деңгээлге алып чыкканга аракет кылабыз. Ал эми Баткен облусунда биринчи жолу эмес, үчүнчү ирет уюштурулуп жатат.
Маегиңизге рахмат ишиңизге ийгилик каалайм!!!