AUCA the best 2

2024-04-26

Мага колдоо көрсөтүп турган инсан бир тууган агам

Комузда кол ойнотуп, кыска убакыт аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишкен  Элзада Момунжанова Азия оюндарына даярдык көрүп жаткан учуру. Ал бир эле учурда жети спорттун түрү менен машыгып, кыргыздын намысын коргоп келген. Анын айтымында спорт менен алектенүү ден соолукка жана руханий жактан пайдалуу деп эсептейт.

 

Аты жөнү: Момунжанова Элзада

Тууланжылы: 03.10.2000

Туулган жери: Өзгөн р-н Жалпак-таш а/ө Түз-Бел айылы 
Билими: Учурда Ош Мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 3-курсунун студентимин (3-курсту бүтүп жатам).
Хоббиси: Спорт менен алектенүү, ат минүү ж.б 
Үй-бүлөдө: 4 бир тууганмын 2 агам бир эжем жана кенжеси 
Жетишкен ийгиликтери: 
Алыш күрөшү боюнча:
КР 3-жолку чемпиону 2018-2019-2021-ж
Узбекстанда мамилекеттинде өткөн Борбордук Азия чемпионатында  1-орун.
жана Корея мамилекеттинде өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун.
Грэпплинг күрөшү боюнча:
КР чемпиону.
Ушу-Саньда боюнча:
КР чемпиону,
Борбордук Азиянын чемпиону
жана Профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештин жеңүүчүсү (Алтын курдун) поястын ээси.
Пенчак Силат (каратэнин бир түрү)боюнча:
КР чемпиону,
Борбордук Азиянын чемпиону жана 
Малайзияда өткөн Дүйнө Кубогунда 2-орун.
Рукопашный бой(кармашып урушуу) боюнча:
КР чемпиону,
Азия чемпионатында 2-орун.

 
- Саламатсызбы Элзада, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?
Саламатсызбы, мен Момунжанова Элзада Ош облусуна караштуу Өзгөн районунуна караштуу Түщ-Бел айлында жарык дүйнөгө келгем. Балалыгым да ошол айылда өттү. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Алгач мектепте окуп жүргөндө валейбол ойноп жүрдүм. Негизи спортчулардын үй-бүлөсүндө тартияланып, бир тууган байкем көп колдоо көрсөтүп, ийгиликтерге жетиштим. Учурда ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин үчүнчү курсунда окуп жатам. 
- Спорт тармагына канча жашыңыздан тартып аралаша баштагансыз?
Мен 2017-жылдын ноябарь айынан тартып Ош шаарында орун алган «Баяман Эркинбаев» атындагы залда машыгып баштагам. Ошондо 17-18 жашымда спортко аралашып баштагам. Алгачкы ийгилигим ошол жылы декабрт айында Жалал-Абад облусунуна караштуу Майлуу-Суу шаарында өткөн Эл аралык турнир болгон. Жети облустан жана Өзбекстан менен Казакстандан спорттчулар келген. Алгачкы ирет күрөшүп экинчи камсыз кылгам. 
- Учурда спорттун канча түрү менен машыгасыз?
Мектепте окуп жүргөндө валейбол ойноп жүрдүм. Ал эми күрөшкө кечирээк келдим. Алгач байкем мени залга алып барган. Бокс боюнча машыгам дегенде карыш чыгып, эркин күрөшүкө алып барган. Алардын кийимдери денеге жабышып тургандыктан, мага ыңгайсыз болуп үч жума машыгып барбай койгом. Ал эми алыш күрөшү боюнча алгач Алтынай Мамарасул кызы аркылуу кирип, биринчи тренерим Имамидин Султанов агай баарын нөлдөн баштап үйрөтүп, баштады. Мындан сырткары самбо, грепплинг, пенчак-силат, каратэ, он чакты түрү менен машыгам. Ар бир барган мелдеште биринчи орунду камсыз кылып, келе жатам. Пандемияга байланыштуу бир топ мелдештер токтолду. 
- Бир күндө канча убактыңызды машыгуу залында өткөрөсүз?
Эгерде чемпионатка аз күн калганда күн сайын эки маал. Эртең менен кечинде. Ал эми калган учурда кечки бешктен жетиге чейин залда машыгам. Ал эми менин оюмча ар бир спортчу күн күн сайын машыгып турса бул да болсо ийгиликке жетүүгө себепкер болот. Анткени спорт адамдын жан дүйнөсүн тазалап, ден соолугуна пайдалуу.
Алдыдагы пландарыңыз жана өлкөдө спортту өнүктүрүү үчүн сиздин сунушуңуз?
Буйруса алдыда Көчмөндөр оюндары жана Азия чемпионатына даярданып жатабыз. Арекет кылып жеңип, Кыргызстандын желегин желбиретүү башкы максатым!!
Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем ишиңизге ийгилик!!!!