AUCA the best 2

2024-04-26

Баткен элинге жардам колун сунган жарандардан эки саат аралыгында 140 миң сомчогулду

Өлкө аймагында болуп өткөн кыйын кырдаалда кыргыздын башын бириктирип, Баткен элине жардам колун сунган мушкер Уланбек Касымбек эгерде  эл колдосо саясатка атанууну пландап жүргөн чагы. Ал атайын демилге көтөрүп айыл тургундарынан жана чет жакта иштеген мекендештерден акчлай жардам чогултуп окуя болгон жерге барып, эл менен жоолугуп келген. Чек ара маселесин жоон териси менен сезген мушкер менен алдыдагы пландары боюнча маек курдук    

Саламатсызбы Уланбек мырза, акыркы мезгилде саясат тармагында өзүңүздүн активдүүлүгүңүзду көргөзүп келе жатасыз. Саясатка атанайын деген ойлорп жокбу?
 
-Саламатчылык, негизги менин максатым кыргыз элиме жардам берүү. Элим үчүн аз да болсо салым кошуу менин башкы тилегим. Мындан сыркары шайлоолордо татыктуу адамдарага жардам бердим. Ал өзүмдү дагы сынап көрдүм шайлоо учурунда. Эгерде мени колдоп турган элим артымда турса мен эч качан артка чегинбейм. Жада калса саясатка да аттанууга даярмын. 
 
Мындан сырткары өлкө аймагында болуп жаткан окуяларга көз карашыныз кандай?
 
-Аябай жаман иштер болуп жатат өкүнүчтүү. Менин оюмча буга бийликтин катачылыгы азырыкы бийликекке зыянын тийгизип жатат. Ушул убактыка чейин чек арагы чечели, тосолу деген аракеттер болгон эмес. Азырык бийлик акырындык менен жакшы аракеттерди жасап баштадыв эле. Тилеке каршы Баткен апймагында мындай окуялар болуп кетти. Бул окуянын кесепетинен көп жарандарыбызды жоготуп алдык. Кыйын кырдаал болуп жатат сабыр кылсак, бул кыйынчылыктардан да өтөбүз. Кыргызстандын келечеги алдыда.
 
Көпчүлүккө эле белгилүү болсо керек. Баткен жергесине барып, эл менен жоолугуп келидиңиздер? Ал жакта абал кандай экен. 
 
-Атайын демилге көтөрүп элден, чет жердеги кыргыздардан да акчалай жардам чогуттук. Өзүмдун айлымдан эле эки саат аралыгында жүз кырк миң акча чогулду. Бул мага күч-кубат берип атайын Кербен шаарына боз үй тигилди. Ал жерде атайын урналар коюлду. Жыйтынгында Баткен облусуна үч жүз элүү миң сом каражатты чыныгы муктаждар алып барып бердик. Чындыгында ал жакта абала өтө начар, үйлөрү күйүп кеткендер бир эле кийим менен калагандар да бар экен. Ушул учурда пайдаланган да  алдамчылар бар экен. Бирөөнүн үйүн менин үйүм деп алган алдамчылар да четтен чыкты. Жада калса мени көргөндө көз жашыни көл кыдып ыйлап баласанынан айрылган апалар да болду. Чындыгында алардын өмүру кылдын учунда экен. Циркте иштеген акробат сыяктуу эле, булак чек араны мамлектти коргогон чыныгы баатырлар экен. Мамлекет бул маселени тезинен чечпесе болбойт. Болгон куралдуу күчтөрдү ошол жака алып барыш керек. Кайсыл жерде жирный контабанда болсо ошол жерге жетип барбай. Эгерде эл көчүп кете турган болсо тажик тарап басып кирип келет. 
 
Чек ара маселесин чечүүдө мамлекет эмнеден аксап жатат, сиздин оюнуз боюнча?
 
-Чек ара маселесин чечүүдө мамлекеттик кызматкерлер жакшы билет деп ойлойм. Себиби ошол тармакты түшүнгөн адам гана чечүү жолун билет. Мындан сырткары бул маселени эртертерээк чечпесе кеч болуп кашышы мүмкүн. Чек арада жашаган эл эле бизге чеп курал болуп турат экен.
 
Алдыдагы пландарыңыз жана сизди качан мелдештерден көрө алабыз?
 
-Буйруса 28-май күнү Харватия шаарында Европанын ачык чемпионта болот. Ошол жака даярданып жатам азыр. Убакыт тар болгондунга байланыштуу Баткенден түз эле Бишкекке келгем. Даядыктар башталды кудайым буйруса. Буйруса алдыда спортто көп-көп ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын желегин деген изги максаттар бар.
Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениниз чоң рахмат, ишининзе ийгилик!!!