AUCA the best 2

2024-04-27

Забида Ырысалиева: “Кыргызстанда ок атуу спортунун дарамети чоң – бизден Олимпиада чемпиону чыккан”

Бул жолу биз мылтыктан ок атуу спортуна кайрылууну чеччтик. Учурда ок атуу спорту Бишкек шаарында гана өнүгүп келет. Мунун себеби эмнеде? Ок атуу спортунун учурдагы абалы кандай жана өзгөрүүлөр орун алып жатабы? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде аталган спорт боюнча курамабыздын башкы машыктыруучусу Забида Ырысалиева менен маектештик.

- Алгач Кыргызстандаагы ок атуу спортунун тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Ок атуу спорту республикада качан өнүгө баштагандыгын так айта албайм, бирок болжол менен өткөн кылымдын 50-жылдарынан кийин ок атуу аянтчалары Ош, Пржевальск (Каракол) шаарларында курулган. Фрунзе шаарында бир нече ок атуучу галереялар болгон. Ошол мезгилдерде ал спорттун популярдуу түрү болгон. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан спортчулар келип, атаандаштык күч боло турган. Бүгүнкү күндө ок атуу спорту Бишкекте гана өнүгүп жатат, анткени аймактарда ок атуучу галлереялар калган жок. Бул жылдар аралыгында бардыгы талкаланды.

- Учурунда ок атуу спортуна кандай өзгөрүүлөр орун алды?
- Эгемендүүлүк жылдарында республикада болгон бардык спорттор сыяктуу эле, ок атуу спорту дагы өзгөрүүлөргө учурады. Биринчиден, эгерде буга чейин СССРдин курама командасына бир нече гана спортчу кирген болсо, эми биз көз карандысыз өлкөбүздүн атынан мелдештерге катышып жатабыз. Экинчиден, мылтыктан ок атуу спорту боюнча федерация түзүлдү. Үчүнчүдөн, бул жылдар аралыгында ок атуу спортунун эрежелери жарым-жартылай өзгөрдү. Ал албетте ага кызыгууну арттыруу үчүн жасалды.

- Ок атуунун башка спорт түрлөрүнөн өзгөчөлүктөрү эмнеде?
- Ок атуу спорту – бул статикалык спорт, башкача айтканда, ок атуу учурунда жигердүү кыймылды камтыбайт. Бирок бул үчүн жакшы физикалык даярдык керек. Кантсе да, спортчу мелдеш учурунда күчтү көбүрөөк колдонууга муктаж болот.

- Учурда федерация тарабынан спортту өнүктүрүү үчүн кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?
- Бүгүнкү күндө Ок атуу спорту федерациясы “Күлүк” спорт мектеби менен биргеликте балдарды жана жаштарды ок атууга тартуу жаатында бир топ иштерди жүргүзүп жатышат.Эл аралык федерация менен биргеликте машыктыруучулар үчүн семинарлар өткөрүлүп, спортчуларды колдоо үчүн демөөрчүлөрдү тартуу жана техникалык жактан камсыз кылуу (курал сатып алуу ж.б.) боюнча бир топ жылыштар орун алууда.

- Ок атуу спортуна жаштардын кызыгуусу канчалык деңгээлде?
- Ок атуу менен машыгууну каалагандар көп. Машыгууга ылайыктуу заманбап ок атуучу жай бар, бирок тилекке каршы бизде курал-жарак жана ок атуучу костюмдар жетишсиз. Ошондой эле патрон жана пневматикалык октор жетишсиз. Ок атуу көбүнчө кымбат спорт, бирок ошентсе да бул жогорку класстагы спортчуларды даярдоо салты бар спорттун бири. Кыргызстанда бул өнөрдүн дарамети чоң. Москва-1980 Олимпиадасында кыргыз ок атуу мектебинин өкүлү алтын медалды жеңип алган – бул Александр Мелентьев. Мындан сырткары бизде Европа жана Дүйнө чемпиондору, ошондой эле көз карандысыз мамлекеттин өкүлдөрү катары Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери бар. Бүгүнкү күндө ушул спортко жакшы каражат жумшалса, анда жаңы чемпиондор сөзсүз чыгат.

1437408725 melentev

- Машыктыруучу катары жаш спортчуларга кандай кеңештерди бере аласыз, алар кандай сапатка ээ болушу керек?
- Машыктыруучу катары мен сизге билимиңизди дайыма өркүндөтүп, бардык жаңылыктардан кабардар болуп турууга кеңеш бере алам. Убакыт мелдештин эрежелеринен жана техникалык өзгөрүүлөрдөн баштап, бир нерсени тез жана тынымсыз өзгөртүп турат. Ошондой эле биздин спортчулар менен, биринчи кезекте, балдар жана жаштар, андан кийин буга чейин жетишкендер менен ар дайым байланышта болуп, аларга бардык билимибизди жана тажрыйбаларыбызды өткөрүп берип турабыз.