AUCA the best 2

2024-03-29

“Динамо” Жалал-Абад: “Максатыбыз – кыргыз туусун дүйнөгө таанытуу!”

Самбо күрөшү – өлкөдө эң көп жайылган спорт түрү. Аталган спорт менен көптөгөн жаштар машыгып, Кыргызстанда жана дүйнөлүк мелдештерде мыкты ийгиликтерди жаратып келишүүдө. 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана “Газпром балдарга” ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан самбо боюнча балдар жана жаштар арасында борбор калаанын биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдеште өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан жаш самбо чеберлери катышып, түрдүү салмакта күч сынашты. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” дегендей, элет жеринен келген спортчулар аталган мелдеште жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарынын “Динамо” спорт клубунан келген жаш спортчулар өздөрүнүн мыкты экендигин далилдеп, спорттогу чеберчилиги жана күрөштөгү кайталангыс ыкмалары менен өзгөчөлөнө алышты.

Дегеле “Динамо” спорт клубунун спортчулары ар бир мелдеш сайын өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп келет. Topsport.kg “Динамо” клубунун жаш спортчулары, Бишкекте өткөн мелдеште эң жакшы жыйынтыктарды камсыздаган Курманбек Замирбек уулу жана Нурсултан Абдисаламов, ошондой эле алардын машыктыруучусу, бир катар дүйнөлүк мелдештердин чемпиондорун даярдап, дале болсо келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчуларды тарбиялап келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Замирбек Раев жөнүндө азыноолак кеп кылмакчыбыз.

“ДИНАМО” СПОРТ КЛУБУ ЖӨНҮНДӨ

Жалал-Абад шаарында орун алган “Динамо” спорт клубун 2013-жылы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков негиздеген. Спорт клуб түптөлгөндөн бери 7 жыл аралыгында Кыргызстандын, Азиянын жана Дүйнөнүн бир катар чемпиондору өсүп чыкты. “Динамо” алгач негизделген убакта республикалык мелдештерге катышууну максат кылган клуб болсо, бүгүнкү күндө клубубуз бир катар республикалык жана дүйнөлүк мелдештердин жеңүүчүлөрүн тарбиялап чыгарды. 25-декабрда Бишкекте орун алган самбо боюнча өспүрүмдөр арасында биринчиликте жаш “динамочулар” Курманбек Замирбек уулу 74 кг салмакта1-орунду багындырса, Нурсултан Абдисаламов ушул эле салмакта 3-орунду камсыз кылды. Редакциябыз мыкты спортчуларды тарбиялап келе жаткан “Динамо” спорт клубунун башкы тренери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Замирбек Раев жана анын шакирттери Нурсултан менен Курманбекти кепке тартты.

a8317bc8 aa00 4959 85b4 c79ed43a0523

- Саламатсызбы, Замирбек мырза? “Динамо” спорт клубу боюнча кыскача айта кетсеңиз. Бул спорт клуб качан түптөлгөн?
- Саламатчылык. Спорт клубду ачуудагы башкы максат – самбо спортуна жаштарды тартуу, аларды спорт аркылуу сергек жашоого үндөө, жаштарыбызды ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үйрөтүү жана ошол эле убакта самбо спорту аркылуу өлкөбүздүн намысын дүйнөлүк денгээлдеги мелдештерде коргоо болчу. “Динамо” спорт клубу жаңы ачылып иштеп баштаган учурда машыктыруучулар жетишпейт эле. Ошол убакта Кыргызстандын Самбо федерациясы тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Федерация өздөрүнүн машыктыруучуларын жиберип, балдардын машыгууларына көмөк көрсөтүштү. Учурдан пайдаланып, Федерацияга ыраазычылык билдирем. 2013-жылдан бери “Динамо” спорт клубунан 500дөн ашуун спорттун мыктылары, Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиондору тарбияланып чыкты. Азыркы кезде ар кандай курактагы 300дөн ашуун жаштар спорт клубубузда тарбияланып жатышат. Дагы бир өзгөчө белгилеп айта кете турган нерсе – бул биздин спорт клубдун чемпиондорунун, түрдүү мелдештердин жеңүүчүлөрүнүн жетишкендиктери. Алардын ийгиликтери жаш муунга дем-күч берип, жаштарыбыздын спорт менен алектенүүсүнө түрткү болууда. Мен, өз окуучуларым менен сыймыктанам, себеби алардын жараткан ийгиликтери “Динамо” спорт клубунун, дегеле жалпы кыргыз спортунун өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

Дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды алган спортчуларыбыз да арбын. Алардын катарында Кожобеков Равшан, Кокумов Кубаныч, Адылбеков Асыл, Камилов Арслан, Токтомаматов Жусуп, Бекбердиев Нурисбек, Азималиев Руслан, Аттокуров Азат, Надырбек уулу Сыргак, Тайлаков Нурсултан, Мырзабаев Эмиль сыяктуу эр-азаматтарыбыз дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келишүүдө.

- Спорт клубдун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөн инсандар болсо керек?
- Туура айтасыз. Спорт клубдун ийгиликтүү болуусу үчүн моралдык да, материалдык да колдоо өтө маанилүү. “Динамо” самбо спорт клубу түптөлгөндөн бери милициянын полковниги, клубубуздун негиздөөчүсү Жеңиш агабыз ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Ал бүгүнкү күнгө чейин биз менен тыгыз байланышта болуп, залыбызга ар түрдүү колдоо көрсөтүп, өзүнүн кеңештери менен бөлүшүп, бизге дем, күч-кубат берип турат. Учурдан пайдаланып, Жеңиш Жоробековго өзүмдүн, спортчулардын жана жалпы спорт клубдун атынан терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстаныбызда Жеңиш мырзадай өз ишин мыкты билген, жаштарга үлгү болгон, спортту сүйүп, жаштарды дени сак жашоого үндөгөн инсандар көп болсо экен дейм.

- Машыктыруучу катары айтсаңыз, жаштардын самбо спортуна болгон кызыгуусу канчалык деңгээлде?
- Акыркы жылдары спортко кызыккан жаштардын саны өсүүдө. Алардын арасында самбого кызыккандар өтө көп. “Аганы көрүп ини өсөт” дегендей, спорт залда машыккан спортчуларыбыздын артынан көптөгөн жаштар келүүдө. Жогоруда белгилегендей, “Динамодогу” спортчуларыбыздын ийгиликтери жаштарды дагы да спортко тартууга жардам берүүдө. Негизи эле спорт адам баласынын ден соолугун чыңдап, сергек жашоого үндөйт. Ошондуктан жаштарды спорт менен туруктуу алектенүүгө чакырып кетем. Биз, жаштарды бир гана спорт менен алектенүүсү менен чектелбестен, аларга ар дайым турмуштук кеңештерибизди да берип турабыз. Аларды спорттон тышкары мыкты билим алуусуна да олуттуу көңүл бурабыз. Анткени заман талабына ылайык, жаштарыбыз сөзсүз түрдө билимдүү болуп, бир кесиптин мыкты адиси болушу керек. Билимдүү, дени сак жаштар гана элинин тиреги, эртеңки келечеги болот алат. Ушундан улам жаштарыбыздын спорт менен билимди бирдей алып кетиши үчүн аракет кылабыз.

e55bd74d 8835 4266 953e acd9655aba2c

- Замирбек мырза, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Убакыттан пайдаланып, шакирттериңизге да суроолорубузду узатсак.  Нурсултан мырза, айтсаңыз спортко канча жашыңыздан  аралашып баштадыңыз эле?
- Саламатсыздарбы, мен спортко 14 жашымдан баштап аралашып баштагам. Алгач Замирбек Раев жана Нурбек Самидинов агайларымдын колунда тарбияландым. Спорт менен машыгып келе жатканыма буюрса 6 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта Кыргызстандын биринчилигинде жана бир нече мелдештерде байгелүү орундарды багындырдым.

- Келечектеги пландарыңыз кандай?
- Алдыга койгон максатым – албетте өлкөмдүн гимнин дүйнөлүк мелдештерде жаңыртуу. Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада татыктуу коргоо. Буюрса келе жаткан 2021-жылы Кыргызстандын самбо боюнча биринчилиги өткөрүлөт. Азыр ошол турнирге даярдык көрүп жаткан учурум. Буюрса 1-орунду камсыз кылып, Эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде кыргыздын туусун бүт дүйнөгө желбиретсем деген максатым бар.

- Зор ийгиликтерди каалайбыз! Эми суроо узатуу кезеги Курманбекке келди. Сиз спорт менен канча жашыңыздан баштап машыгып баштадыңыз эле?
- Саламатсыздарбы, кичинекей кезимде бир тууган агаларым спорт менен машыгат эле. Менин спортко болгон кызыгуум дал ошол убактарда күч алды десем болот. Өзүңүздөр билесиздер айыл жергесинде шаардагыдай шарт жок. Ошондуктан үйдө эле эркин күрөш менен машыгып жүрдүм. 14 жашымда Жалал-Абад шаарына келип, Замирбек Раев жана Нурбек Самидинов агайларымдын колунда самбо күрөшү боюнча машыгып баштадым.

- Спорттогу жетишкендиктериңиз боюнча айта кетсеңиз?
- Алгач турнилерге жаңыдан чыга баштаган учурда жеңилүү ызасын тарткан күндөрүм болду. Бирок кайра ошол катачылыктарымдын үстүндө иштеп, акырындык менен мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кыла баштадым. Ош шаарында өткөн Эл аралык мелдеште 1-орунду камсыз кылдым. Республикалык мелдештерде бир катар байгелүү орундарды ээледим. Самбо менен бирге Жаркынбек Шамбетов агайдын колунда спорттун дзюдо түрү боюнча да машыгып келе жатам.

- Алдыда кандай мелдештер күтүп турат?
- Алдыга койгон максатым – дзюдо боюнча Олимпиада оюндарында жеңишке жетип, кыргыз желегин желбиретүү, кыргыз гимнин бүткүл ааламга жаңыртуу. Ошондой эле самбо спорту боюнча дүйнө чемпиондугун багындыруу. Мындан сырткары, эрежесиз эр уруш боюнча дүйнө чемпиону болууну самайм. Ошол эле учурда элиме кызмат кылган, мекендин жүгүн жеңилдете алган, жаштарды, спортту колдогон Жеңиш агайыбыздай мыкты адис, мыкты инсан болсом дейм. Учурдан пайдаланып, жалпы кыргыз элимди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден-соолук каалап кетем. Өтүп бара жаткан 2020-жыл жалпы дүйнө үчүн өтө оор жылдардан болду. Жараткан кыргыз элин ар түрдүү кырсыктардан сактасын. 2021-жыл спорттон, билимден, маданияттан дегеле ар бир тармактан Кыргызстан алдыга озуп, жаштарыбызды чыгармачылыкка, эмгекчилдикке, аракетчилдикке үндөгөн жылдардан болсун!

- Максаттарыңыз орундалсын. Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

72f88028 1441 43cb aa6b ad7a37bacb5c