AUCA the best 2

2024-04-18

Өкмөт башчы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды

Премьер-министр Улукбек Марипов Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн абалы жана келечегин талкуулашты.

Толугу менен...

Кылыч Сарбагышев: “Жаштарга басым жасап жатабыз”

Аймактарда спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу максатында КРнын Волейбол федерациясы атайын семинарларды уюштурат. Иш-чаранын алкагында жаш машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдеринин тажырыйбасын арттыруу менен мыкты улан-кыздарды тарбиялоо башкы планда. Бул семинар тууралуу аталган Федерациянын Башкы катчысы Кылыч Сарбагышев менен маектештик.

Толугу менен...

“Динамо” Жалал-Абад: “Максатыбыз – кыргыз туусун дүйнөгө таанытуу!”

Самбо күрөшү – өлкөдө эң көп жайылган спорт түрү. Аталган спорт менен көптөгөн жаштар машыгып, Кыргызстанда жана дүйнөлүк мелдештерде мыкты ийгиликтерди жаратып келишүүдө. 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана “Газпром балдарга” ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан самбо боюнча балдар жана жаштар арасында борбор калаанын биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдеште өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан жаш самбо чеберлери катышып, түрдүү салмакта күч сынашты. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” дегендей, элет жеринен келген спортчулар аталган мелдеште жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарынын “Динамо” спорт клубунан келген жаш спортчулар өздөрүнүн мыкты экендигин далилдеп, спорттогу чеберчилиги жана күрөштөгү кайталангыс ыкмалары менен өзгөчөлөнө алышты.

Толугу менен...

Мылтыктан ок атуу боюнча чемпион Каныкей: “Бийди таштап, спортко келгем”

10 жашынан тартып ок атуу спортун өздөштүргөн Каныкей Кубанычбекова учурда машыктыруучу болуп эмгектенип келет. Мындан сырткары жыйырмадан ашык мелдешке катышып байгелүү орундарды камсыз кылган. Каныкейдин айтымында ок атуу спорту убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт. Каарманыбыз спортто жараткан ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Толугу менен...

Подкатегории

10 жашынан тартып ок атуу спортун өздөштүргөн Каныкей Кубанычбекова учурда машыктыруучу болуп эмгектенип келет. Мындан сырткары жыйырмадан ашык мелдешке катышып байгелүү орундарды камсыз кылган. Каныкейдин айтымында ок атуу спорту убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт. Каарманыбыз спортто жараткан ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.


Аты жөнү: Кубанычбекова Каныкей Бообекова
Туулган жылы: 1999-жыл 30-сентябрь
Туулган жери: Бишкек шаары (Түпкү теги Талас)
Билими: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин төртүнчү курусун студентти.
Үй-бүлөдө: Алты бир туугандын улуусу
Хоббиси: Ырдоо

Мылтыктан ок атуу боюнча жетишкендиктери:

2015 - Кыргыз Республикасынын Чемпионатында чоңдор арасында 1-орун.
2015 - Кыргыз Республикасынын чемпионатында өспүрүмдөр арасында 1-орун.
2016 - Өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда 13-орун Кувейт (Эль Кувейт)
2016 - Тегерандагы Азия чемпионатынын катышуучусу (Иран)
2016 - Азия чемпионатынын катышуучусу Нью-Дели (Индия)
2017- Казань шаарында өткөн эл аралык турнирде 2-орун (Татарстан)
2017 - Амстердамда (Голландия) өткөн Intershoot Эл аралык турниринде 3-орун
2017 - Бакудагы Ислам оюндарында 15-орун (Азербайжан)
2017 - Мюнхендеги Дүйнөлүк Кубоктун катышуучусу (Германия)
2018 - Почиваловду эскерүүгө арналган эл аралык турнирде 3-орун
2018 - Өзбекстан Кубогунда 2-орун (Ташкент)
2018 - Кыргыз Республикасынын Чемпионатында 2-орун
2019 - MiX боюнча Өзбекстандын Кубогунда 1-орун (Ташкент)
2019 - Бишкектеги Чемпионатта 1-орун (Кыргызстан)
2020 - Азия чемпионатынын катышуучусу, Доха (Катар)
2020 - КР Кубогунун 1-этабында 2-орун.
2020 - КР Кубогунун 2-этабында 2-орун
2020 - КР Кубогунун 3-этабында 1-орун.
2020 - Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси.

1609161850588

- Саламатсызбы Каныкей алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
- Саламатсызбы мен Каныкей Кубанычбекова Бишкек шаарында төрөлгөм.  Тупкү тегим Таластан болот. Үй-бүлөдө алты бир туугандын улуусумун. Мындан сырткары менин бир туугандарым да ок атуу спорту менен алектенип келет.

- Ок атуу спортун канча жашыңыздан тартып өздөштүрдүңүз?
- Ок атуу спортун  он жашымдан тартып өздөштүргөм. Алгач Чүй облусунун Панфилов айылында машыктыруучум Суровцев Виктор Васильевичтин колуна келип машыгып баштагам. Спорт тармагына аралаша электе вакал бийге ийримдерине барып жүргөм. Кийинчерээк спортко болгон кызыгуум артып, вокал менен бийни таштап спортко келгем.

- Ок атуу спорту башка спорттун түрүнөн кандай өзгөчөлүктөрү бар?
- Ок атуу спортунун өзгөчүлүгү убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт.  Ар бир окту атып жатканда ойду бир жерге топтоп, атсаң гана жеңишке жетесиң. Сырттан карап турган адамга жөнөкөй туюлушу мүмкүн. Тилекке каршы бул спорттун түрү өтө татаал болуп эсептелет. Мындан сырткары психологиялык жактан да өтө чоң таасир берет. Турнир учурунда ар бир спортчу атаандашы менен эмес өзү менен өзү күрөшөт.

- Учурда ок атуу спортуна мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатабы?
- Жакында эле Эл аралык олимпиада комитетинин жана ок атуу федерациясынын колдоосу менен машыктыруучулар үчүн атайын мастер класстар өткөрүлдү. Акырындык менен мамлекет тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп, бул спорттун түрүнө кызыккандар үчүн да жакшы шарттарды түзүп берди.

- Эл аралык ок атуу федерациясы тарабынан учурда спорту өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?
- Федерация тарабынан учурду бул спорттун түрүнө кызыккан жарандарга атайын курстарды ачкан. Окуунун негизинде техника менен иштегенди үйрөтүп, аягында сертификат ыйгарылат. Ок атуу спортуна кызыккан жарандар үчүн ал дайым эшигибиз ачык.

- Ок атуу спортуна жаштардын кызыгуусу канчалык деңгээлде экен?
- Мен машыктыруучу катары айтып кетет элем, учурда ок атуу спорту өнүгүү жолунда. Күн сайын жаштар келип үйрөнөм дегендердин саны арбыды. Мындан сырткары бул спорттун түрүнө дагы да колдоолор көбүрөөк болсо олимпиада чемпиондорун тарбиялап чыксак болот.