AUCA the best 2

2024-03-29

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээледи

Кечээ, 8-августта жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан медаль уткан мамлекеттердин ичинен 70-орунга жайгашты.

Олимпиада оюндары 21-июлда башталган. Жалпысынан 339 комлект медаль ойнотулган.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып, алардын ичинен 3 спортчу 2 күмүш, 1 коло медаль утту. Жыйынтыгында Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Олимпиадада жалпысынан 93 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеген.

Эң көп алтын медалды АКШнын спортчуларды алды. Алар 113 медаль тагынса, алардын ичинде 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло байге бар. 2-орунга Кытай жайгашты. Кытайдын спортчулары 88 медаль жеңип, 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байгеге ээ болду.

3-орунду Япония ээледи. Япон спортчулары 58 медаль утса, алардын ичинен 27 медаль алтын, 14 байге күмүш, 17 медаль коло болду.