AUCA the best 2

2024-03-29

Токио-2020

Олимпиаданын жабылыш аземинде желекти Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

Токио шаарында өтүп жаткан жайкы олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 23-июлда башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышкан. Бүгүн 8-августта олимпиаданын жабылуу аземинде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.
 
Олимпиада оюндарынын алкагында Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш медаль тагынып,, Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ 67-орунда турса, учурда 68-орунга жылды.
 
Белгилей кетсек, Акматалиев 6-августта индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгышып, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга берип коюшкан. Ал эми индиялык Баджранг Пуния жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.