AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

42 млн сом Токио Олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларга берилет

Токидо өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын ичинде кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынып, Мээрим Жуманазарова коло медалдга ээ болгон. Ошондой эле Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. 
Олимпиада оюндары 23-июль күнү, салттуу түрдө ачылуу аземи болуп, өлкөнүн желегин Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов  көтөрүп чыккан. Бүгүн 8-августь акыркы болуп,  жөө күлүк Дарья Маслова кыз-келиндер арасында марафондо чуркап 36 чы орунду камсыз кылды.
 Ал эми мелдеште байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларга мамлекет тарабынан акчалай сыйлык берилет. Учурда мамлекет тарабынан 41 млн 925 миң сом бөлүнгөн. Алардын арасында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчулардан сырткары, машыктыруучулары үчүн да сыйлыктар каралган. 
- Айсулуу Тыныбекова UUW: 7,5 млн сом
- Акжол Махмудов ГАМФКиС: 7,5 млн сом
- Нурбек Изабеков: Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, 5,6 млн сом
- Мээрим Жуманазарова UUW: 5 млн
- Байгазы Кенжебеков: кыз-келиндер күрөшү боюнча улук машыктыруучу, 3 млн 125 миң сом
- Азат Эркимбаев: грек-рим күрөшү боюнча курманын башкы машыктыруучусу, 2 млн 125 сом
- Бактыгүл Алишева: даарыгер, 2 млн
- Константин Ермич: укалоочу, 2 млн
- Улукбек Карачолоков: Грек-рим күрөшү боюнча курманын башкы машыктыруучусу, 1 млн 875 миң сом
- Мейрамбек Ахметов: Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу, 1 млн 875 миң сом
- Чынарбек Изабеков: Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу, 1 млн 250 миң сом
- Түгөлбай Базакчиев: Айсулуу Тыныбекованын алгачкы машыктыруучусу, 750 миң сом
- Жеңиш Сатыбалдиев: Акжол Махмудовдун алгачкы машыктыруучусу, 750 миң сом
- Рахматилла Жуманазаров: Мээрим Жуманазарованын алгачкы машыктыруучусу, 500 миң