AUCA the best 2

2024-04-27

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Жөө күлүк Дарья Маслова 36 чы орунду камсыз кылды

Токиодо өтуп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова кыз-келиндер арасындагы марафондо 36-орунду камсыз кылды.

Мелдеш бүгүн, 7-августта эртең менен өткөн. Ага жалпы 88 спортчу катышты.

Жыйынтыгында алтын медалды кениялык Перес Жепчирчир утту. Анын убактысы – 2 саат 27 мүнөт 20 секунд. Экинчи орунду да кениялык Бриджит Косгеи жеңди. Ал эми 3-орунду АКШнын спортчусу Молли Сейдел камсыз кылды.

Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова марафонду 2 саат 35 мүнөт 35 секундда чуркап өттү. Ал Олимпиада чемпиону болгон Перес Жепчирчирден 8 мүнөт 15 секунд артта калган.