AUCA the best 2

2024-04-26

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Эрназар Акматалиев беттештен четтеди

Эркин күрөшү боюнча балбан Эрназар Акматалиев Токиодогу Олимпиада оюндарындагы мелдештерин аяктады.

Ал бүгүн, 6-августта килем үстүнө чыккан. Алгачкы беттеш 3:3 эсебинде болуп, индиялык Бажранг Пуний жеңишке жетишти. Ал эми 65 кг чейинки салмак даража боюнча жалпы 16 спортчу Олимпиадага жолдомо алган эле.

Индиялык балбан чейрек финалда жеңишке жетишип, бирок жарым финалда утулуп калды. Демек, Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күч сынашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эми Кыргызстандын Олимпиадага жолдомо алган спортчуларынан Дарья Маслова гана мелдешке түшө элек. Жөө күлүк 8-августта чуркайт.