AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Эртең Ала-Тоо аянтында балбандар үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулат

Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Салатанатуу иш-чара саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналат. Андыктан спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат.

"Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.