AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчу  Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал бүгүн, 5-августта эркин күрөш боюнча 125 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган. Бул салмакта жалпы 16 спортчу катталган.

Лазарев 1/8 финалдык баскычта АКШнын Дэн Гейбл Стивенсон аттуу балбаны менен күрөшкөн.

Бирок 2 мүнөт 2 секунд ичинде 10:0 эсебинде утулуп калган.

Америкалык спортчу чейрек финалда түркиялык Таху Акгүлдү, жарым финалда монгол балбанын жеңди.

Муну менен Лазарев жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Эртең, 6-августта жубатуучу беттештин биринчи раундунда Лазарев түркиялык балбан менен беттешет.