AUCA the best 2

2024-04-26

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Атабек Азисбеков 10-орунду камсыз кылды

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакта катышып жаткан Атабек Азисбеков 10 орунду камсыз кылды.

Ал 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.

Азисбеков биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге каршы өткөргөн. Тилекке каршы венгриялык балбанга 6:1 эсебинде жеңилип калган.

Виктор Лоринц финалга чейин жетип барганына байланыштуу Азисбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Кечээ, 4-августта Азисбеков жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык балбан менен күч сынашкан. Азисбеков беттештин биринчи бөлүгүн 2:0 менен уткан, бирок экинчи бөлүктө германиялык балбан 10 упай топтоп, жеңишти илип кеткен.

Жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда Азисбеков 16 спортчунун ичинен 10-орунду алды.