AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Балбан Айаал Лазаревдин биринчи атаандашы аныкталды

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына барган кыргызстандык Айаал Лазаревдин биринчи атаандашы аныкталды.

Лазарев эртең, 5-августта эркин күрөш боюнча 125 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштайт. Бул салмакта жалпы 16 спортчу катталган.

Лазарев эртең 1/8 финалдык баскычта АКШнын Дэн Гейбл Стивенсон аттуу балбаны менен кармашат. 1/8 финалдык баскычтын беттештери Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 8:30да башталат.