AUCA the best 2

2024-03-29

Токио-2020

Олимпиада оюндары: жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 35-орунду камсыз кылды.

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 35 -орунду камсыз кылды.  Ал  3-августта 5000 метр аралыкка чуркаган. 


Кыргызстандык жөө күлүк мелдештин биринчи этабында чуркап, 20 стартаптын ичинен 18-орунду ээлеп, 14 мүнөт 7,79 секунддун жыйынтыгын көрсөттү. Бул аралыктын жыйынтыктоочу протоколунда Кеңешбеков 35 -орунду ээлеп, финалга чыга алган жок. 6 -августта боло турган финалдык жарышка 15 күлүк кирет.