AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча 62 кг салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. Ал финалдык беттеште Япониялык балбан Юкако Каваиге каршы күрөштү. Жыйынтыгында 3:4 эсебинде жеңилип, экинчи орунду камсыз кылган. Мындан сырткары эки балбан килем үстүндө үч жолу кездешкен.

Тыныбекова кечээ, 3-августта 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган. Бул салмакта жалпысынан 16 спортчу жолдомо алган эле.

Мелдештин биринчи этабында Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсеби менен жеңишке жетишкен.

Чейрек финалда румыниялык спортчуну туше менен жеңген.

Ал эми жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп, финалдык беттеште япониялык Юкако Каваи менен күч сынашкан. Олимпиада оюндарынын алкагында кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча 62 кг салмак категориясында Тыныбекова күмүш байгенин ээси болуп калды.