AUCA the best 2

2024-03-29

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып, Атабек Азизбеков медалсыз калды

Кыргыз республикасынын кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын да коло медаль тагынды.
Ал 68 кг салмак категориясында күч сынашып, бул салмакка ченинде 16 катталган эле. Жуманазарованын алгачкы беттешде Болгариялык Мими Николова Кристова болгон. Жыйынтыгында 7:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга өткөн.
Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, бирок 2:3 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыккан. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.
3-августта жубатуучу оюндардын биринчи раундунда кыргызстандык балбан азербайжандык Элиса Манолова менен кармашып, жеңишке жеткен. Коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Моңголиянын спортчусу менен беттешип, аны 10:1 эсебинде жеңди.
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыз-келиндер арасында эркин күрөшү коло медалдын ээси болуп калды.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова үчүн бул Олимпиада оюндары үчүнчү болуп, эркин күрөшү боюнча коло медаль алып келген спортчу  болду. 
 
Ошондой эле  Атабек Азисбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында медалсыз клады. Ал кечээ, 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда беттишин баштаган.
Бальан биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшкөн. Бирок венгриялык спортчуга 6:1 эсебинде жеңилип калган эле.
Виктор Лоринц финалга чейин жетип барганына байланыштуу Азисбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Бүгүн, 4-августта Азисбеков жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык балбан менен күч сынашып Азисбеков беттештин биринчи бөлүгүн 2:0 менен уткан, бирок экинчи бөлүктө германиялык балбан 10 упай топтоп, жеңишти илип кеткен.
Муну менен Азисбеков Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады.