AUCA the best 2

2024-04-26

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Жоламан Шаршенбеков 7-орунду камсыз кылды

Кыргыз республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында жетинчи орунду камсыз кылды.

Балбан  грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг салмакта катышкан. 1/8 финалда анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болуп,  8:0 эсебинде жеңген. Жыйынтыгында чейрек финалга жолдомо алган.

Мелдештин экинчи этабында  анын атаандашы молдовалык Виктор Чобану болду. Молдовалык спортчу кыргызстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда Чобану кубалык Луис Альберто Орта Санчезге жеңилип, Шаршенбеков олимпиадалык медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Муну менен кыргыз балбаны Олимпиададагы оюнун медалсыз аяктады.