AUCA the best 2

2024-04-17

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы коло бейгелик беттеште жеңилди

Айпери Медет кызы коло байге үчүн болгон беттеште жеңилип калды. Ал 1-августта Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта күч сынашып баштаган.

Айпери Медет кызы мелдештин биринчи этабында 2016-жылдагы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси болгон казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өткөн.

Андан кийин россия Воробьева менен күрөшүп, аны мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алган эле.

Бирок жарым финалдык беттеште дүйнөнүн беш жолку чемпиону жана дүйнөлүк рейтингдин лидери америкалык Аделин Мария Грэйге 2:3 эсебинде утулуп, финалга чыга алган жок.

Бүгүн, 2-августтагы коло байге үчүн болгон беттеште түркиялык Ясемин Адар менен күч сынап, жеңишти колдон чыгарган. Жыйынтыгында Олимпиада оюндарынын 5-орунун ээледи.