AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

 Олимпиада оюндарына кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча катышып жаткан балбан Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Жуманазарова эркин күрөш боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Бул салмакта жалпы 16 спортчу катталган болчу.

Мээрим алгачкы беттешин бүгүн, 2-августта өткөрүп, атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болгон.

Мээрим атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Тилекке каршы чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Мээрим коло медаль үчүн эртең, 3-августта азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашат.