AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Акжол Махмудов Олимпиаданын финалына жетти

Балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Токидо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Махмудовбүгүн 2-августта алгач Тунистин балбан Маафи Ладжед менен беттешкен. Жыйынтыгында 11:0 эсебинде жеңип чейрек финалга жолдомо алган.

Ал эми 1/4 финалда азербайжандык Рафиг Хусейнов менен күч сынашып, 9:1 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттеште Армениянын балбаны Карапет Чалян менен кездешип, жыйынтыгында 6:2эсебинде финалга жетти. Эми финалдык бөлүктө венгриялык Тамас Лоринц менен күч сынайт.