AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы коло медаль үчүн түркиялык балбан күрөшөт

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча 76 кг салмак ченинде коло медаль үчүн күч сынашат. Анын атаандашы түркиялык балбан Ясемин Адар болмокчу.

 

Белгилей кетсек, кечээ 1-август күнү жалпы үч беттеш өткөргөн. Алгачкы беттешинде Казакстандык балбан Эльмира Сыздыкова менен беттешип, 8:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ал эми мелдештин экинчи этабында Оруссиялык балбан, Олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны таза техникалык артыкчылык менен 12:0 эсебинде жеңип жарым финалга жолдомо алган эле. Медет кызы мелдештин үчүнчү бөлүгүндө Америкалык балбан Аделина Мария Грейге каршы күрөшүп 3:2 эсебинде жеңилип калган. 

Коло медаль үчүн мелдеш бүгүн 2-августта Бишкек убактысы боюнча 17:55 те башталат.