AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңди

Кыргыз республикасынын кыз-келиндер арасында эркин күрөшү курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын 7:5 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. Балбан Олимпиада оюндарына 68 кг салмакта катышып жатат.
Мээрим 5:4 эсебинде утулуп жатып, акыркы секундада эки упай алып жеңишке жетишкен. Эми кийинки этапта Мээрим азербайжандык Елиз Манолова жана нигериялык Блссинга Оборудуданын жеңүүчүсү менен таймашат.
Бул 22 жаштагы Мээрим Жуманазарованын алгачкы Олимпиадасы болуп саналат. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.