AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айпери Медет Кызы коло медаль үчүн күч сынашат

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында эркин күрөшү 76 кг салмак чениндеги Айпери Медет кызы Токио Олимпиадасынын алкагында жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште АКШ өлкөсүнүн спортчусуна утулуп калган.
 Медет кызы биринчи казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңип алган. Экинчи беттешинде 2012-жылдагы Олимпиада чемпиону Наталья Воробьёваны 12:0 эсебинде утуп,  өз салмак категориясында жарым финалга чыккан эле. Жарым финалдык беттеште дүйнөнүн 5 жолку чемпиону тажрыйбалуу Аделайн Грейге жолугуп, 3:2 эсебинде жеңилди. 
 
Эми кыргызстандык балбан кыз эртең, 2-август күнү коло байге үчүн күрөшөт.