AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Жоламан Шаршенбеков медалга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында оюнун жыйынтыктады. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг салмакта күч сынашкан. 1/8 финалда анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болгон. Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда анын атаандашы молдовалык Виктор Чобану болуп, Молдовалык спортчу кыргызстандыктык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.

Жарым финалда Чобану кубалык Луис Альберто Орта Санчезге жеңилип, Шаршенбеков олимпиадалык медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кыргыз балбаны Олимпиададагы оюнун медалсыз аяктады.

60 кг чейин

1/8 финал

Жоламан Шаршенбеков - Мейрамбек Айнагулов (Казакстан) - 8:0

1/4 финал

Виктор Чобану (Молдова) - Жоламан Шаршенбеков - 9:0