AUCA the best 2

2024-04-25

ЕВРО-2020

Кыргызстандын Олимпиадалык курамасынын мүчөлөрү Бишкекке келди

Бүгүн, 12-август, «Манас» эл аралык аэропортуна (Бишкек шаары) Олимпиадалык курама команданын акыркы тобу Токио шаарынан учуп келди. 

Алар, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов, жеңил атлетика боюнча өлкө намысын коргоп келген жөө күлүк Дарья Маслова, башкы машыктыруучусу Татьяна Борисова, эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, улук машыктыруучу Русланбек Маджинов жана башкы машыктыруучу Таабалды уулу Сүймөнкул. Ошодой эле Олимпиадалык курамдын башкы дарыгери Бактыгүл Алишева, массажист Константин Еремич да келди.  

Белгилей кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыктады. Кыргызстан 2 күмүш, 1 коло медаль менен 206 өлкөнүн арасынан тизмеде 70-орунга илинди.

Булак: sport.giv.kg