AUCA the best 2

2024-03-29

Мелдештер

Улугбек Ормоновдун колдоосу менен Өзгөндө спорттук иш-чара өттү

5-майда Ош облусунун Өзгөн шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун колдоосу менен салттуу түрдө уюштурулуп келе жаткан спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу КРнын ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. 

 Эскерте кетсек, аталган иш-чаралар 2003-жылдан бери Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналып жыл сайын өткөрүлүп келет. Пандемияга байланыштуу эки жыл гана үзгүлтүккө учураган.

Быйылкы таймаштар Конституция күнүнө туш келип жаткандыгы жакшы жышаан экенин белгилеген депутат Улугбек Ормонов: "Өткөрүлүп жаткан иш-чара да кыргызстандыктардын жаркын келечегине багытталган. Айрыкча жарандарды дени сак жашоого үгүттөп, мыйзамдарды сыйлоого, намыскөйлүккө жана мамлекетти сүйүүгө чакырык жасалууда", - деди.  

Мындан тышкары, мелдешке Өзгөн районундагы 19 айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышып жатканын эске салган Улугбек Ормонов: "Аймакта көп улуттар жашагандыктан, спорттук иш-чара аркылуу этностор аралык алаканы чыңдоо максаты да коюлган", - деди.

Кошумчалай кетсек, таймаштар алкагында спортчулар күрөш, кол күрөш, футбол, волейбол, таяк тартыш, жаа атуу, тогуз коргоол өңдүү бир катар спорт түрлөрү боюнча күч сынашты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Данияр Төлөнов, Фарходбек Алимжанов баштаган коомдук-саясий ишмерлер, жергиликтүү бийлик жетекчилери күбө болушту.

abc1

abc3

abc4