AUCA the best 2

2024-03-29

Кыргызстан курама командасы Дэвис Кубогуна катышат

Теннис боюнча КРнын курама командасы айтылуу Дэвис Кубогунда (Davis Cup) старт алат. Бул тууралуу аталган федерациядан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, ата мекендик теннис чеберлерибиз Азия аймагында күч сынашып, мелдеш Коломбо шаарында (Шри-Ланка) орун алат. Анда Ирак, Мальдив аралдары, Йемен, Бангладеш, Оман, Катар, Бруней, Шри-Ланка жана Кыргызстандын теннисчилери өз ара таймашат. Оюндар 8-августтан 13-августка чейин өтүп, курама командабыздын курамына 4 мыкты теннисчи кирди. Алар – Нурдин Медетов (капитан жана КРнын Теннис федерациясынын президенти), Евгений Бабак, Ильгиз Камчибеков жана Миргияз Миржалиев.