AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Рафаэль Физиев UFCдеги кезектеги беттештин күнүн билип алды

 Кыргызстандык ММА мушкери Рафаэль Физиев 7-августта UFC 265теги кезектеги беттешин өткөрөт. Бул тууралуу журналист Бретт Окамото Твиттердеги аккаунтунда билдирди. Маалыматка ылайык,  Физиевдин атаандашы америкалык мушкер Бобби Грин.
 Физиев UFC дебюту 2019-жылы 20-апрелде Санкт-Петербургдагы UFC Fight Night 149 мелдешинде россиялык мушкер Магомед Мустафаев менен өткөргөн. Ал биринчи раундда нокаут менен утулуп калган. Жалпысынан 28 жаштагы мушкердин аралаш мушташ боюнча тогуз жеңиши жана бир жеңилиши бар.