AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Чыңгызбек уулу Илияс: "Таштандыдан капкак издесем элдер мени селсаяктай таң калып карашчу"

Бүгүнкү маектешим спорт менен маданиятты айкалыштырган көп кырдуу талант. Басып өткөн издерине кээде ууртум толуп жылмайсам, кээде боор тартып аяп, угуп отурдум.

_0_0_0___0_плроп.jpg


Аты жөнү: Чыңгызбек уулу Илияс

Туулган жери: Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылы. 
Туулган жылы: 1993-жыл, 13-май.
Билими : Жогорку
Спорттук карьерасы ММА-Азия чемпиону, кармаш уруш, ушу саньда, грэпплинг боюнча спорттун чебери.
Учурда : Үй бүлөлүү " Жанат" спорт клубунда машыгат.

 

Салам Ильяз колуктуң экөөңдүн жандуу дуэтинер интернетте эл колдоосуна арзыды. Чыгармачылык менен да алектенип жаткансын го?

Саламатсызбы?! Алгач келинчегим Айтурган экөөбүз кыз жигит кезибизден Ашыралы Айталиевдин " Жылкычынын ыры" аттуу ырын дуэт ырдаганбыз. Аны үч жыл илгери эл сынына кою үчүн интернетке жүктөсөк, мактоолорго татыдык. ( Күлүп). Негизи жай турмушта бош калсак эле ырдамай адатыбыз бар.

Качан чоң сахнага чыгасыңар?

Башында хобби катары көрчүбүз. Жакындан бери чоң сахнага чыксакпы деген ой пайда болду. Тилеке каршы экөөбүздүн тең музыкалык билимибиз жок. Чыгарчылык менин канымда бар. Чоң атам комуз чертип, үй бүлөбүз ырга жакын кишилер. Комузду жеке кызыгуум менен карындашымдан үйрөнгөнмүн.

Жакшы.Спортко кайтып келели. Спорттун канча түрү менен машыгып, чебер аталдын?

Сиздерге спортго келген жолумду айтып берейин. Бишкектеги С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт училищеде окучумун. Самат деген досум себепкер болуп, 19 жашымда атайын залга жазылгам. Ал кезде 3-курсмун окуу жайдын жатаканасында жашап, "күзүр" балдардын токмогун күн алыс жеп, басынткан жашоодон тажадым. Кудай жалгап устатым Нурлан Тиленчиевке туш келип, агайым спорттун алфавитин таанытты. Бат эле агайга көнүшүп, спортко кызыгуум артты. Акырындан кармаш уруш түрүнөн жеңилип жүрүп, жеңишке жеттим. Ошондо жатаканада токмоктогон студенттер акырындан дос болууга өздөрү кадам сунуш беришти. Ага улай ушу саньда, бокс, кик бокс, грэпплинг, ММАде республикалык биринчиликтерге жеттим.

Жалпы канча кесиптин ээсисин?

Спорттун даамын татып калгандан кийин, машыктыруучум Нурлан Тиленчиевдин жумушу Ошко которулду. Агай мени менен Ошко кетесиңби деген сунуш киргизгенде, ойлонбой туруп , ооба деп ээрчип келе бердим. Ошто же бир тууган, тааныш билишим да жок. Агай экөөбүз шаарга келип , "Жанат" деген спорт зал ачтык. Мени (ФЮК) финансы юридикалык колледжине окууга киргизди. Аны бүтүп, Ош МУнун бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып жалпы үч дипломдун ээсимин.

Эсиңде калган окуя?

Адам баласын кайда болбосун ак кара жандап жүрөт экен. Эр урушта күчтүү мушкер спорттон тапкан агам ыраматылык Мирбек Абдыкадыров менен көп ирет беттешип, жеңилип калчумун. Тилеке каршы 2016-жылы каза болуп калып, анын ордуна ММА боюнча Кореяда өткөн Азия чемпионатына мен катышкам. Өткөн жылы үйлөнүү тоюмда күтүүсүз жерден атам каза болуп калды. Эмнегедир ушул окуялар эсиме түшкөн сайын денемди муздак басат.

Исхак Раззаковдун сүрөтүн тартуу идеясын эмнеден улам пайда болду?

Негедир мага чыгармачыл адам болгонгобу кызыктай ойлор келет. Раззаковдун сүрөтүн түшүрүү үчүн кадимки эле бөтөлкөнүн капкактарын эки жылда, 7000 миң даана топтодум. Капкакты кадимки спорттук, маданий иш чараларда таштандыдан чогултсам , элдер мага селсаяктай карап таң калышчу.( Күлүп). Баш аягы эки айда желимдеп узуну үч метр, туурасы эки метр Раззаковдун элеси түшүрүлгөн капкактарды тизип чыктым. Кызыгы азыр деле таштандыдан капкак издемей адатым бар.

Портретти сатып алчу кардарлар да болдубу?

Көбүнчөсү жеке ишкерлер эмгегиңди канчага баалайсың, иш бөлмөмө илип алайын дешет. Азырынча сатуу оюмда жок, өзүм машыккан "Жанат" спорт залыбыздын төрүнөн орун алган.

Кайсы өнөрүн жан дүйнөңө жакын, көбүрөөк ырахат тартуулайт?

Ушул жерден баса белгилеп айта кетейин. Машыктыруучум Нурлан Тиленчиев бардык өнөрүмө бирдей колдоо көрсөтүп келет. Жогоруда Исхак Раззаковдун портретин жасоодо башка спортчулар машыгып жатса , мен ошол эле залды балта, тешемди кармап алып, сүрөтчүлүк менен алек болчумун. Мындан сырткары ыр жазып, акындык чымыным да бар. Баса Нарында өткөн Акмөөр фестивалынын саламдашуусун да мен жазып бергем. Ар биринин ар башка ырахаты бар. Аны сезүү гана керек.

Көп кырдуу спортчу мектепте кандай окуучу болгон эле?
Активист элем. Ошон үчүн 1-классты эки жолу ээринбей окудум. (күлүп). Алты жашымда өзүм жашаган Кара-Суу айылында биринчи класска баргам. Жети жашымдан Аксы районунун борборунда жайгашкан Ж.Мавлянов атындагы мектеп лицейге кайра дагы 1-класска окугам. Мыкты сүрөтчү аталып, "линейкада" жалпы мектептин кол чабуусу астында "магнитофон" утканмын.

Келечек пландарындан кулак кагыш кылсаң?

Спортто же маданиятта болобу апамдын жолун жолдоп билгенимди жаш муунга үйрөтүп, мугалим болоюн деген тилегим бар.

Тилегине жет. Ийгилик каалайбыз.

-0-0-0.jpg

999999999999999.jpg