AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан эки спортчу финалга чыкты.  Бүгүн 25-июлда грек-рим күрөшү боюнча акыркы 5 салмак категориясында мелдештер башталат. Кыргызстандан 5 балбан килемге чыкты.

51 килограммга чейинки салмак ченинде Нуристан Сүйөркулов Венгрия, Россия, Грузиянын спортчулары менен күс сынашып, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө аны Украинанын өкүлү менен беттешет. Ал эми 60 килограммга чейинки салмак ченинде Раззак Бейшекеев дагы алтын үчүн күрөшөт. Финалга чыгууда ал Казакстан, Германия жана Индиянын балбандарын жеңген. Финалда ал ирандык спортчуга каршы күрөшөт.

45 килограммга чейинки салмак ченинде Нурболот Бердикулов Түркия жана Россиянын спортчуларын беттешип, бирок жарым финалда украиналыкка жеңилип калды. Эми ал коло үчүн күрөшөт. Нурел Дүйшөнбеков (71 кг чейин) менен Актан Сазыкбаев (92 кг чейин) жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Жыйынтыгында Дүйшөнбеков менен Сазыкбаев коло  турнирде коло Медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул беттештер бүгүн 25-июлда болот. Бишкек убактысы боюнча саат 15: 30да башталат. Финал жана 3-орун үчүн күрөш 22: 00дө башталат.