AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында (Эстония) эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын тизмеси:
1. Айсулуу Тыныбекова, ЭДСЧ, 62 кг;
2. Айпери Медет кызы, ЭДСЧ, 76 кг;
3. Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;
4.  Бактыгуль Алишева, догдур;
8. Константин Еремич, массажист.  
Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү. 
Булак: sport.gov.kg