AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Poland Open: Айпери Медет Кызы жарым финалга чыкты

 Айпери Медет кызы Польшада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде жарым финалга чыкты. Poland Open турнири 8-июнда, аялдар арасында эркин күрөш 10-июнда башталды.
 

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал 1/8 финалдан баштап, польшалык Патрисия Сперканы 6: 0 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалдык беттеште кыргызстандык Египеттин өкүлү Самар Амер Ибрахим Хамзаны 4: 0 эсебинде жеңген. Медет кызы жарым финалга чыгып, анын атаандашы Эстониялык Эпп Мэй болот.


76 кг чейин
1/8 финал
Айпери Медет кызы - Патрисия Сперка (Польша) - 6: 0
1/4 финал Айпери Медет кызы - Самар Амер Ибрахим Хамза (Египет) - 4: 0
1/2 финал Айпери Медет кызы - Эпп Мэй (Эстония)
62 кг чейин
1/4 финал Айсулуу Тыныбекова - Любовь Овчарова (Россия)