AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет Кызынын бардык атаандаштары аныкталды

Токиодогу Олимпиада оюндарындаАйпери Медет кызынын бардык атаандаштары белгилүү болду. 7-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылды.

Түркия менен Украинанын өкүлдөрү алардын ээлери болуп калышты. Токиодо16 спортчу 68 килограммга чейинки салмакта аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча мелдешке катышат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 1-августта өтсө, финалдык беттештер жана коло үчүн беттештер 2-августта өтөт. Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 30-июлда болот.