AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Мамадыш шаарында өткөн мелдеште Кыргызстандын курама командасы олжолуу кайтты

2021-жылдын 5-7 сентябрында Татарстандын Мамадыш шаарында бел боо күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчилиги болуп өттү. 
Аталган мелдеште 15-17 жаштагы улан-кыздар катышты.
Мамадыш шаарында өткөн мелдештен Кырыгызстандын бел боо боюнча курама командасы олжолуу кайтты.
 
Курманбек уулу Нурданбек 50 кг чейинки салмакта каршылаштарын барын жеңип, дүйнөнүн чемпиону аталса, 70 кг салмакта күрөшкөн Курстанбек кызы Феруза күмүш медалдын ээси болду. Ал эми Мустапакул уулу Канзатбек 85 килограмм салмакта күрөшүп, коло медаль жеңди.
Булак: sport.gov.kg