AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде Япониялык балбан менен беттешет

Айсулуу Тыныбекованын Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.
 
3-октябрда Ослодо эркин күрөш боюнча кыз-келиндер турниринин катышуучуларына чүчү кулак тартылды. Кыргызстандын курама командасына башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 3 спортчу катышат.
 
62 кг салмакта учурдагы чемпион Тыныбекова 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы жапондук Нонока Озаки болмокчу. Мелдеш эртең 4-октябрда башталат.
 
Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын атаандаштары да аныкталды.
 
Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча жуптардын курамы
 
62 кг чейин
 
1/8 финал
 
Айсулуу Тыныбекова - Нонока Озаки (Япония)
 
68 кг чейин
 
1/8 финал
 
Мээрим Жуманазарова - Минджи Ха (Корея)
 
76 кг чейин
 
1 / финал
 
Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария)