AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Футбол: "Юность" кыз-келиндер курама командасы 2021-жылдагы Улуттук лиганын кубогуна ээ болду

6-октябрь күнү Базар-Коргон шаарындагы Асылбек Текебаев атындагы стадиондо Кыргызстандын Улуттук Лигасынын Кубогунун финалдык беттеши болуп өттү.

Кыргыз футбол союзунан билдиргендей, финалда Майла-Суу шаарынын "Юность" жана Nitro CYSS командалары беттешти.

Мелдештин 77-мүнөтүндө Юностун капитаны Батма Коконбаева гол киргизүүгө жетишип, командасына жеңиш алып келди.

Жыйынтыгында "Юность" командасы 2021-жылы Улуттук Лиганын кыз -келиндер командалары арасындагы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси болду.