2024-04-26
Жаңылыктар
Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди
Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү 8-13-июнь күндөрү, Актөбе шаарында (Казакстан) өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңишти.
Байге ээлеринин тизмеси:
1-орун – Эргешов Бекзат (46 кг чейин), Орозбеков Алмаз (60 кг чейин), Закиров Мухаммадазиз (70 кг чейин);
2-орун – Имамидинов Ислам (54 кг чейин), Баурин Вадим ( 66 кг чейин),
3-орун – Токтосунов Баястан ( 50 кг чейин), Бактыбек уулу Бексултан (52 кг чейин), Асанбеков Атай (75 кг чейин).
Булак: sport.gov.kg