AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Санжар Сейдакматов чейрек финалда утулуп калды

 Кыргызстандык мушкер Санжар Сейдакматов Сербияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыга албай калды.

Ал турнирге 54 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.

Турнирдеги старттык жолугушууда кыргызстандык спортчу Эквадордун спортчусун жеңип, 1/8 финалдык беттеште Армениянын өкүлүн бир добуштан жеңип, чейрек финалга чыккан эле.

Кечээ 2-ноябрь күнү жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык франциялык менен беттешип, бир добуштан жеңилип калган.

Буга чейин чейрек финалда Мирлан Түркбай уулуна утулуп калган.

54 кг чейин

1/16 финал

Санжар Сейдакматов - Мануэль Чусин (Эквадор) - 4:1

1/8 финал

Вахе Бадалян (Армения) - Санжар Сейдакматов - 0:5

1/4 финал

Санжар Сейдакматов - Биллал Беннам (Франция) - 0:5