AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Касенов менен Осмоналиев Москвадагы Олимпиадалык кечеге катышты

Улуттук олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршеналы Касенов жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Москвада өткөн Олимпиада кечесине катышты. Иш-чараны Россиянын спортчуларынын союзу быйыл экинчи ирет өткөрүп жатат. Ага олимпиада оюндарынын катышуучулары, спорттун ардагерлери жана спорт ишмерлери катышты.

Касеновдун айтымында, Россиянын Спорт министри Олег Матыцин менен кыргыз элинин улуттук оюну – көк бөрүнү Россия Федерациясынын бирдиктүү спорт реестрине каттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп баштады.

Эскерте кетсек, салтанаттуу иш-чара Мехико жана Греноблда өткөн олимпиада оюндарынын 55 жылдыгы, Калгари жана Сеулда өткөн олимпиаданын 35 жылдыгы, Пхенчанда өткөн олимпиаданын 5 жана Пекинде өткөн олимпиаданын бир жылдыгына карата уюштурулду. 

Салтанаттын максаты – СССРдин жана Россиянын мыкты спортчуларын жана алардын акыркы 55 жылдын ичинде жетишкен ийгиликтерин даңктоо эсептелет.