AUCA the best 2

2024-05-02

Машыгуу учурунда жаракат алып калуудан корком

ММА мушкери Адилет Нурматов  GAMMA уюмуна мүчө болгон, жалгыз кыргыз спортчусу. Ал бир нече эл аралык мелдештерге катышып, жеңиш менен кайткан кыргыздын сыймыктуу уулу. Адилет Нурматовдун айтымында ар бир спортчу күн сайын үч төрт саат убактысын спорт залда өткөрүүсү керек деп эсептейт. Жаш мушкер  жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

 

Аты жөнү: Нурматов Адилет Ровшанбекович 
Туулган жылы: 02.08.1997
Туулган жери: Бишкек шаары
Билими: орто 
Хоббиси: футбол
Жетишкен ийгиликтери: Азербайжанда өткөн дүйнөлүк кубоктун чемпиону
Дүйнөлүк Чемпионат Сингапур 🇸🇬 сыйлык ээси болду
Үй-бүлөдө: Уй булодо 4 бир туугандын үчүнчүсү, үй-бүлөлүү
 
Күн сайын эртең менен канчада турасыз?
 
- Күн сайын эртең менен багымдат намазын окуу үчүн сөзсүз түрдө туруп парызымды аткарып келем. Ар бир спортчу күн сайын чуркап ден соолукту чыңдап турушу керек. Андыктан мыкты спортчу болуу үчүн, ийгиликке жетишүү үчүн  талыкпаган эмгек талап кылынат. Ал эми мелдештерге даярдык башталганда бир күндүк убактыбызды залда өткөзгөн күндөр да болот.
 
Канча убактыңызды залда өткөзөсүз?
 
- Жогоруда айткандай, күн сайын залга барып машыгып, куч кубат алып турабыз. Мындан сырткары ар бир спортчу күн сайын залга барып, туруусу абзел. Кандай аракеттерди көргөн болсок, ийгиликке жетүү да ошончолук жеңил болот. Ал эми мен жок дегенде төрт саат убактымды залда өткөзгөн.
 
Кайсыл мушкердин беттишин көп көрөсүз?
 
- Мен негизи бул мушкер жакшы жаман деп айта албайм. Анткен ар биринин өзүнчө ыкмалары бар. Башкача айтканда ар бир инсандын кемчилиги жана артыкчылыгы болот эмесби.  Ошондой эле спортчулар да ар кандай сапатка, өзгөчөлүктөргө ээ. Кайсыл мушкердин беттеши кызыктуу болсо көрө берем.
 
Беттеш учурунда жаракат алып калуудан коркосузу?
 
- Беттеш учурунда жаракат алуудан мурун жеңүү биринчи максат болот. Көп убакыт машыгуга  кетирип мээнетиң акталбай калса, жеңилүүдөн өткөн жаман жаракат болбосо керек. Ал эми машыгуу учурунда жаракат алып калуудан корком. Себеби ал мезгилде жаракат алсаң, рингге чыга албай каласың. 
 
Канча жеңиш жана жеңилүү бар?
 
- Кудайга шүгүр азырынча баары жеңиш, менен коштолуп келе жатат. Акыркы болгон беттеште калыстар тобу туура эмес чечим чыгарып, эски мушкерине биринчиликти ыйгарып койду. Мен ал  беттеште өзүмдү жеңүүчү катары эсептейм. Анткени кыргыз эле баары менин  жеңгенимди көрдү. 
 
Кыргызстанда спортту өнүктүрүү үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл?
 
- Негизги Кыргызстанда таланттуу жана дасыккан спорттчулар өтө көп. Эгерде мамлекет тарабынан колдоо болсо бир топ ийгиликтерге жетишмекбиз. Мындан сырткары өлкөдө эл аралык мелдештерди уюштурууга шарт жок. Жада калса машыгуучу залдар да талапка жооп бербейт. Эгерде каржы тараптан колдоо көрсөтүлсө  биздин спорттчулар көптөгөн ийгиликтерге жетишмек. Ошол себептен да көптөгөн спорттчулар каръерасын токтотууга туура келет. 
 
Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!!!