AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргыз мушкери Рафаэль Физиеав UFC уюмунун мыктыларынын катарына кирди

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (Ultimate Fighting Championship) жеңил салмактагы дивизионунда 15 мыктынын катарына кошулду. Аталган маалымат лиганын расмий сайтына чыкты.
 
Физиев өткөн жекшембиде UFC 265 мелдешинде АКШлык Бобби Грин менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган эле.
 
Бул ийгиликтен соң кыргызстандык мушкер лиганын жеңил салмак дивизионундагы жаңыланган рейтингинде 14-катарга көтөрүлдү.
 
Учурда дивизиондо Чарльз Оливейра чемпион болуп саналат. Биринчи катарда Дастин Порье, ал эми Жастин Гэджи экинчи сапта турат. Бенэил Дариуш үчүнчүдө. Рафаэль Физиев 14-катарда. Алдыңкы 15тикти Арман Царукян жыйынтыктайт.
 
Физиеав муну менен UFC уюмундагы удаасы менен төртүнчү жеңишти камсыздады. Анын үчөөндө көрсөткөн кызыктуу беттеши үчүн ал ар биринен 50 миң доллардан бонус алган.
 
Бобби Грин менен кармашы да "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.
 
Физиев акыркы беттешинде 98,5 миң доллар гонорар иштеген.