AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргыз мушкери Рафаэль Физиевдин беттеши мыкты деп табылды

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин беттеши «UFC'нин» турниринде мыкты деп табылды.

Мелдеш 7-августь күнү АКШнын Хьюстон шаарында өткөн «UFC 265: Lewis vs Gane» турниринде америкалык Бобби Грин менен күч сынашкан. Жыйынтыгында Физиев калыстардын бирдей чечими менен (30-27, 29-28, 29-28) жеңишке жетишти.

Ошондой эле мыкты беттеш көрсөткөндүгү үчүн эки мушкер тең кошумча 50 миң доллардан алышкан.

Бул Физиев үчүн «UFC» уюмундагы бешинчи беттеш болду. Буга чейин кыргызстандык спортчу 1 ирет жеңилип, 3 жолу катары менен жеңишке жетишкен.